Алмазбек Атамбаев

ӨМҮР БАЯН

Алмазбек Шаршенович Атамбаев 1956-жылдын 17 –сентябрында Фрунзе областынын Ворошилов районуна караштуу Арашан айылында туулган. 2011-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 15-октябрына чейин Кыргызстандын 4-чү Президенти болгон.

1993-жылы ал Кыргызстан Социал-демократиялык партиясын (КСДП) түзгөн жана жетектеген. 1995-жылдын февралында Атамбаев кыргыз парламентинин ылдыйкы палатасы – Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын депутаты болуп шайланган.

Республиканын Президентинин кызматына үч жолу талапкерлигин койгон. Үчүнчү жолу – 2011-жылдын 30-октябрында, - биринчи турда Кыргызстандын Президенти болуп шайланган. Кызматына 2011-жылдын 1-декабрынан тарта киришкен.

2017-жылдын 24-ноябрында Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий түрдө киришүү аземинде ага Президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.  

 Алмазбек Атамбаев жөнүндө кененирээк билиңиз

ДҮЙНӨНҮН КАРТАСЫНДАГЫ ОКУЯЛАР