Алмазбек Атамбаев

Атамбаев. Өмүр баян

Атамбаев Алмазбек Шаршенович

1956 жылы 17 сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган.

1980 жылы Москва башкаруу институтун инженер – экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын байланыш Министрлигинин инженери болуп баштаган.

1981 – 1983 жж. – ДЭУ № 4 башкы инженер

1983 – 1987 жж. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарды аркалап келген

1987 – 1989 жж. Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары

1989 – 1997 жж. «Форум» илимий – өндүрүштүк ишканасынын директору

1997 – 1999 жж. «Кыргызавтомаш» АК башкы директору

1999 – 2004 жж. «Форум» Өндүрүш группасынын директорлор кеңешинин төрагасы

2004 – 2005 жж. «Кыргызавтомаш» корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы

2005 – 2006 жж. министрдин кызматын аткаруучу, Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү, өндүрүш жана соода министри

2006 – 2007 жж. Кыргыз Республикасынын премьер – министри

2007 апрель – 2010 жж. – активдүү коомдук – саясий ишмердүүлүк менен алектенген

2010 – жылдын апрелинен июнуна чейин – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары

2010 – жылдын ноябрь – декабрь айлары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери

2010 – жылдын 20 – декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын премьер – министри

2011 – жылдын 30 – октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган

2011 – 2017 жж. Кыргыз Республикасынын Президенти