Алмазбек Атамбаев

Сыйлыктары жана наамдары

Кыргыз Республикасынын жогорку өзгөчөлүк белгиси болгон – «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы – Мамлекет жана эл алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана эгемендүүлүгүн сактоого кылган эрдиги үчүн, Кыргызстан элинин биримдигине, өлкөнүн ынтымагы жана биримдүүлүгүнө, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн бекем пайдубалынын курулуусуна кошкон көрүнүктүү салымдары үчүн, ошондой эле көрсөтүлгөн саясий эрк жана эрдиги үчүн.  

II даражадагы «Манас» ордени, 2011 – жылдын 1 – декабры – Авторитардык үй-бүлөлүк – кландык режимдер менен болгон күрөштө көрсөтүлгөн жарандык жоопкерчилиги жана эрдиги үчүн, демократия идеяларын, сөз эркиндигин жана жыйын өткөрүү эркиндигин ырааттуу түрдө коргогондугу үчүн, конституциялык реформа өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн, парламенттик демократияны түптөгөндүгү үчүн, ошондой эле 2010 – жылдын Апрель элдик революциясынан кийинки өткөөл мезгилди ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн

«Данакер» ордени, 2007 – жылдын 28 – ноябры – Кыргыз Республикасынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдөгү жемиштүү иши үчүн.

«Даңк» медалы, 1999 – жыл – Кыргызстандын өндүрүшүндөгү жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн.

Сербия Республикасынын Орденинин лентасы (Сербия, 2013).

I даражадагы «Достык» ордени (7 – ноябрь 2014 – ж, Казакстан) – Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттери ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү салымы үчүн.

«Александр Невский» ордени (17-сентябрь 2016-ж, Россия) – Россия Федерациясы жана Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк нугунда бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн.