Алмазбек Атамбаев

Цитататалар

Тарых жана келечек алдындагы жоопкерчилик бизди 2040-жылга күчтүү, өзүн өзү баккан жана өсүп-өнгөн мамлекет курууга милдеттендирет
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн
11 апрель 2018
Таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев, 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоолорго келген эл аралык байкоочулар миссияларынын башчылары менен болгон жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүнөн
16 октябрь 2017
Тынчтык, ынтымакташтык жана туруктуулук – акыркы жылдары биздин жетишкендигибиз. Өлкөбүз, элибиз, турмушубуз көз көрүнө өзгөрүп жатат
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүнөн
31 август 2017
Биз, кыргызстандыктарбыз, биз ата-бабаларыбыздай болуп, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы үчүн жан берүүгө даярбыз
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев, бир катар чет мамлекеттердин Элчилеринен Ишеним Грамоталарын кабыл алуу аземинде сүйлөгөн сөзүнөн
15 март 2017
Кыргызстандын өзүнүн «энергетикалык алкакчасы» түзүлдү, эми ал өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылат
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев, 500 кВ «Датка-Кемин» электрлиниясынын ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүнөн
28 август 2015
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына төп келет
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев, тийиштүү мыйзамдарга кол коюу салтанатында сүйлөгөн сөзүнөн
25 май 2015
Биз ушул өлкөдө гана бактылуу боло алабыз
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнөн
19 август 2014