Алмазбек Атамбаев

КРнын экс-Президенти Алмазбек Атамбаев япониялык ири «Токио симбун» газетасына маек берди

14-июнь 2019-жыл

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июнда, япониялык ири «Токио симбун» газетасына маек берди.

Япондук газетанын журналисттери менен болгон сүйлөшүү Алмазбек Атамбаевдин президент болуп тургандагы ишмердүүлүгүнүн айланасында жүрдү.

«Токио симбун» 1884-жылы Японияда негизделген күн сайын чыгуучу ири газета болуп саналаарын белгилей кетели. Күн сайын эртең менен газетаны 3,5 миллионго жакын адам окуйт.