Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев Москвада өтө турган азиялык саясий партиялардын Эл аралык конференциясынын Х Генассамблеясына катышат

22-октябрь 2018-жыл

Кыргыз Республикасынын Экс-президенти, КСДПнын Төрагасы Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 24-27 – октябрында Москвада өтө турган азиялык саясий партиялардын Эл аралык конференциясынын Х Генералдык Ассамблеясына катышат. Азиялык, африкалык жана латын америкалык алдыңкы саясий партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү эл аралык көйгөйлүү маселелерди жана экстремизм менен күрөшүү маселелерин талкуулашмакчы. Ошондой эле партиялар аралык кызматташтык да талкуунун өзүнчө темасы болмокчу. Эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө маселелери боюнча да тегерек үстөл талкуусу өткөрүлөт.

22-23 – октябрда Алмазбек Атамбаев бир тууган агасы К.Ш. Шаршеновдун жесири – Е.И. Шаршенованын каза тапкандыгына байланыштуу Санкт-Петербург шаарында болот.

Жогорудагы иш-чаралар аяктагандан кийин Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 28-октябрында Бишкекке кайтып келет.