Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев: "КСДП Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери кесиптик жоопкерчиликти эсте тутуу менен мындан ары да өзүлөрүнүн кесиптик парзын өтөй берерине ишенет"

6-ноябрь 2018-жыл

Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти, Кыргызстан Социал-Демократиялык партиясынын Төрагасы Алмазбек Атамбаевдин Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу. 

«Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!

    Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – маалымат жана басма сөз Күнү менен куттуктайм! Акыркы чейрек кылымда Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары чындыгында коомчулукка чоң таасирин тийгизе ала турган “төртүнчү бийлик” болуп калды. ЖМКга жарыяланган макалалар ар кандай чиновниктин карьерасына чекит коё алат жана саналуу сааттар ичинде маанилүү коомдук долбоорлорду таанымал кылып, коомчулуктун пикирин козгой алат. КРда журналисттер чоң урмат –сыйга ээ.       

    Мурда Кыргызстанда бул кесип опурталдуу да болуп келди – жан алгычтардын колунан мерт кеткен Геннадий Павлюк менен Алишер Саипов элдин эсинен кете элек, Сыргак Абдылдаев болсо эптеп тирүү калган. Башка да кол салуу фактылары болгон. Апрель ыңкылабынан кийин мындай фактылар өтмүштө калды. Бирок ага карабай, коомдогу ачык-айкындуулуктун жана демократиянын принциптерин коргоо үчүн журналисттерге азыр деле чоң жарандык эрдик керек. Учурда бул милдет абдан курч турат.

     КСДП Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери кесиптик жоопкерчиликти эсте тутуу менен мындан ары да өзүлөрүнүн кесиптик парзын өтөй берерине ишенет. Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз жана өз окурмандарыңыздардын арасында татыктуу эмгегиңиздер менен таанымал боло беришиңиздерге тилектешпиз! Өз кезегинде КСДП ЖМК менен кызматташтыкка дайыма ачык.    

      КРнын Экс-президенти,

КСДПнын Төрагасы                                                      А.Ш. Атамбаев».