Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев принял участие в заседании Жогорку Кенеша

12 сентября 2012

Сегодня, 12 сентября 2012 года, Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев принял участие в заседании Жогорку Кенеша  Кыргызской Республики во время дачи присяги членами Правительства Кыргызской Республики и выступил с речью.

Ниже приводим тезисы выступления главы государства.

“Урматтуу депутаттар! Өкмөт мүчөлөрү!
Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди биринчи кезекте жаңы өкмөт түзүлүп, өз ишине киришкендиги менен куттуктайм! Кыска мөөнөттө көпчүлүктүн коалициясын түзүп, жаңы өкмөт структурасын, курамын, өкмөт башчысын бекитип бергениңер үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем.
Мурункудай бир нече жумага, айга созулган өкмөт түзүү иштери бул ирет парламентте бир жумада аяктады. Ар кандай божомолдорго карабастан, өлкөнү кризиске учуратпай, Кыргызстанда жаңы өкмөт бекип, толук кандуу өз ишин баштады.
Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп парламенттик демократияга жол салды. Баарыбыз – бийлик, жарандык коом, карапайым калк - жаңы системага үйрөнүп жатабыз.
Эки жыл өткөн соң, алгачкы натыйжасы көрүнүп баштады. Бардык талаштар-тартыштар, сын-пикирлер көчөдө эмес, парламент ичинде чечилгени - чоң жетишкендик.
Тынчтык жана туруктуулук  Ысык-Көлдөгү туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүүгө өбөлгө түздү. Курулуш сектору кыйла жанданды. Бул инвесторлордун ишенимин арттырып, экономикабызга инвестициялар келе баштагандыгын  билдирет.
Туруктуулукту бекемдеп, эми кийинки чечкиндүү кадамдарды жасоого болот. Биз тез арада башка өлкөлөрдөн артта калган жактарыбызды  жоюуга тийишпиз.

Урматтуу Жантөрө Жолдошевич,
Өкмөт мүчөлөрү!

Сиздердин алдыңарда абдан чоң сыноолор турат. Кырдаал оңой эмес. Чечилбеген экономикалык жана социалдык маселелер көбөйүп бара жатат. Алдыда - кыш камын көрүү маселеси. Ошонун бардыгын чечүү эми Сиздердин колуңарда.

Жаңы түзүлгөн өкмөт ишин ырааттуулук менен алып барууга тийиш. Мурдагы өкмөттүн жакшы иштерин эске алып, ийгиликтүү реформаларын улантуу керек.
Кыргыз элине татыктуу кызмат өтөп, өз ишиңерди так жана таза аткаргыла. Тарыхта жаратман жана иштерман өкмөт катары калгыла. 

Жаңы өкмөттү таза иштөөгө чакырам. Кыргыздын “Уурунун жолу кууш” деген сөзүн эсиңерге салайын.
Уурулардын, шылуундардын орду темир тордун ары жагында болот, аны унутпагыла.
    
Урматтуу министрлер!

Ишиңерди мекемелерде кадрларды алмаштыруудан баштабаңыздар. Баарын айдап, аяшыңарды, жердешиңерди, классташыңарды, дагы башкаларыңарды ишке алуу сыяктуу терс көрүнүш кайталанбасын.

Учурда Кыргызстан олуттуу өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун босогосунда турат. Стабилдүүлүк орногондон баштап Кыргызстан көптөгөн инвесторлордун кызыгуусун туудура баштады. Жаратканыбыз берген байлыктарды элибизге иштетиш керек.

Жакынкы жылдары, Кыргызстанга ири инвестициялар тартылып, эл аралык долбоорлор ишке ашырылат.

Кудай буюрса, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп, аны менен кошо Кыргызстандын түндүк-түштүгүн бириктирген дагы бир кара жол салынат. Азыр салынып жаткан бир нече стратегиялык кара жол бүткөрүлөт. Алардын ичинен Бишкек-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана жолдорун атасак болот.

Коңшулаш Кытай Эл Республикасынын жардамы менен “Датка – Кемин” электр линиясы курула баштады. Жакында Кытайга жасаган иш сапарымда алар менен Кыргызстан – Кытай линиясынын курулушу боюнча макулдаштык. Бул курулуштар бүтсө өлкөбүз энергетикалык эгемендикке ээ болот. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгү өзүнчө алкакка бириктирилет. Кытайга электр энергияны түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстандын энергетикалык потенциалын колдонуу боюнча стратегиялык өнөктөшүбүз - Россия менен сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Нарын дайрасында жаңы ГЭСтерди ишке киргизүү күнү да алыс эмес.

Кудай буйруса, жакынкы арада Россия Федерациянын Президенти В.В.Путиндин расмий сапарында тиешелүү келишимдерге кол коюлат деген үмүттөбүз.

Казакстан да бизде бир нече ГЭС курганга кызыкдар. Кемин - Алматы линиясын куруп, бизден электрэнергия сатып алууга даяр. Дал ошондой тилектерин Кытай мамлекетинин жетекчилери да билдиришти.

Бул жана ушуга окшогон ири долбоорлор ишке ашса, жүздөгөн, миңдеген жаңы иш орундар түзүлөт, өлкө экономикасы тез өнүгүп баштайт.

Биз өз алдынча оокат кылганды үйрөнүшүбүз керек. Кудайга шүгүр, кыйналса да, элибиз канча жылдан бери өз оокатын өзү кылып жатат.

Дыйкан, ишкерлерге жардам бермек тургай, керексиз тоскоолдуктарды жараткан учурлар бар. Кыргызстан ишкерлер менен инвесторлорго бейиштин төрү болушу керек. Ошондо Кыргызстан өзүн өзү баккан, өз кызыкчылыгын коргой алган, күчтүү өлкөгө айланат!

Өкмөт фермерлерге, чакан жана орто бизнесте өз нанын таап жаткан ишкерлерге бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Калкыбыздын теңинен көбү элетте жашайт. Фермерлер жеткиликтүү кредиттерге, техникага, жер семирткичтерге, сапаттуу үрөнгө, асыл-тукум малга муктаж.  Өзгөчө көңүлдү ирригация долбоорлоруна бөлүш керек. Жаңы сугат жерлер пайдаланууга берилсе, миңдеген үй-бүлө жумуш менен камсыз болот.

Албетте, тоо кеңдерин тезирээк иштетсек, миңдеген иш орундары түзүлүп, өлкө  казынасына төлөмдөр түшөт.
Ошондой эле Кытай өкмөтү сунуш кылган трактор заводун жана башка заводдорду тез арада куруш керек. Өндүрүш  бутка турса, өлкө да бутка турат!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз дүйнөдө өз ордубузду ээлей баштадык. Ырысыбызга жараша Кыргызстандын ыңгайлуу жайгашуусу, билимдүү – илимдүү эли, күчтүү коому, бейиштей болгон керемет жери бизге чоң артыкчылыктарды берет. Кудай бергенди туура колдонуп, келечекти куруу – биздин ыйык милдетибиз.
Кыргызстан эли менен күчтүү. Акылман, мээнеткеч элибиз бар. Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлдү.
Бул өнүгүүнүн негизи.
Мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемендүүлүктү биримдикте гана сактай алабыз. Биздин башыбызды кошкон бир гана максат - болочок муундарга туруктуу жана өнүккөн эгемен Кыргызстанды өткөрүп берүү.
Өлкөбүздөгү тынчтык жана биримдик ар бир шаардан, ар бир айылдан, ар бир үй-бүлөдөн башталат!

Урматтуу депутаттар, өкмөт мүчөлөрү!

Албетте, өлкөдөгү кырдаалга бийлик бутактарындагы кырдаал өтө таасир берет. Жакшы жагынан да, жаман жагынан да. Бул жөнүндө ойлонбосок болбойт.
Коомдо Өкмөткө, Жогорку Кеңешке карата катуу сын пикирлер айтылып жатат. Тез арада Жогорку Кеңешти таратып, Конституциялык реформаны жүргүзүү  талабы коюлуп жатат. Албетте, Баш мыйзамдагы айрым кемчиликтер бар экендигин көрүп турабыз. Бирок, биздин пикирибизде, жаны парламенттик шайлоолор жана Конституцияны өзгөртүү тегерегиндеги талаш-тартыш, өлкөбүздөгү туруктуулуктун сакталышына, экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзбөйт.
Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, соттордун, жергиликтүү  бийликтин  ыйгарым укуктарын Конституциянын чегинде мыйзамдар аркылуу тактаса болот деп эсептейм.

Уважаемые депутаты, члены Правительства!

Сограждане!

В последнее время идет целенаправленная дискредитация действующей Конституции страны, ее обвиняют во всех смертных грехах - дескать, эта она, Конституция, виновата в экономическом и политическом кризисах, которые переживает страна, а система управления, установленная ею, якобы является наихудшей из возможных форм правления. Но так ли это на самом деле?
В реальности недостатки в экономической и социальной сфере, государственном управлении определяются не пороками Конституции, а прежде всего качественным состоянием самих органов государственной власти, тем как они умеют распорядиться конституционными полномочиями.
Конституция от 27 июня 2010 года устранила существовавший с 1996 года дисбаланс в распределении полномочий между главой государства, законодательной, судебной и исполнительной ветвями государственной власти.
Предыдущие власти подвергались нещадной критике за перекос полномочий в пользу главы государства.
Как известно, все годы независимости и Правительство, и Жогорку Кенеш постоянно ссылались на отсутствие полномочий и небезуспешно создавали общественное мнение в свою пользу по формуле - «вот если бы у нас были соответствующие полномочия...».
Сегодня Правительство может решать практически все вопросы государственного управления, за исключением полномочий, отнесенных Конституцией к компетенции Президента и Жогорку Кенеша. Следовательно, сегодня необходимо вести речь о неэффективном использовании собственных полномочий Правительством, о некомпетентности, низком качестве работы отдельных  министров, руководителей административных ведомств и учреждений, о нежелании членов Правительства брать на себя ответственность и продвигать вперед социально-экономическую реформу.                                      

Некоторые члены Правительства предпочитают плыть по течению, они озабочены своим благополучием, боятся проявлять инициативу, действуют „по принципу Мальчиша- Кибальчиша” – “день простоять, да ночь продержаться”.
Нерешительность, некомпетентность отдельных членов  Правительства, их подспудного желания подстраховаться, не брать на себя всю полноту ответственности при принятии принципиальных решений по многим вопросам социально-экономической реформы приводит к тому, что Жогорку Кенеш на сегодняшний день превратился в «параллельное Правительство», взяв на себя множество функций, несвойственных законодательной ветви власти, и фактически подмяв под себя органы исполнительной власти.
Анализ календарных планов и повесток дня пленарных заседаний Жогорку Кенеша, принимаемых им решений, показывает, что парламент в своей деятельности,  нередко выходит за пределы своих полномочий, занимаясь несвойственными для законодательного  органа оперативно-хозяйственными вопросами и вторгаясь в компетенцию Правительства, других органов исполнительной власти.
Создавшееся положение, когда Жогорку Кенеш в явочном порядке приписывает себе исполнительно-распорядительные функции и систематически вмешивается в оперативно-хозяйственную деятельность Правительства, в том числе даже в деятельность правоохранительных органов, может окончательно нарушить и так шаткий и условный баланс отношений законодательной и исполнительной власти. Может снова спровоцировать противостояние Правительства и Жогорку Кенеша.
Больше того, наблюдаются уже попытки отдельных депутатов подменить собой органы прокуратуры и суда, уже не говоря о милиции и других силовых структурах. А это уже полное попрание всех конституционных норм!
Несоблюдение Конституции неизбежно приводит к тому, что вся остальная система правил поведения – система законов, по которым живет общество, начинает неуклонно подвергаться сомнению, эрозии, размыванию. И тогда, сначала дух, а затем и буква законов, и, в первую очередь, Конституции – теряют свое значение.
Таким образом, источником всех переживаемых ныне «кризисов» является не действующая Конституция, а так называемый «человеческий фактор».
К сожалению, многие политики либо не знают, либо специально «забывают», что помимо, собственно, внесения прямых поправок в Конституцию, возможны и иные способы адаптации норм Основного закона к реальной жизни.    Прежде всего, речь должна идти о конкретизации и уточнении конституционных норм путем принятия соответствующих законов. Это дает возможность устранить конституционные разночтения без внесения поправок и изменений в действующую Конституцию страны.
В независимом Кыргызстане Конституция и законы никогда не отличались стабильностью и постоянно подвергались систематическим изменениям – многие законодатели уже привыкли думать так: «давайте примем, посмотрим, как работает, а там, если что, поправим».
В результате граждане и юридические лица никогда не могут быть уверены: надолго ли утверждена та или иная норма закона, и не будет ли она изменена к тому времени, когда с ней реально столкнется конкретный гражданин или  хозяйствующий субъект. А потому, среди прочего, оказывается, что просто бессмысленно пытаться ее выучить, исполнить, либо к ней привыкнуть – пока это произойдет, закон может быть изменен. О каком «благоприятном инвестиционном климате» можно вести речь в условиях катастрофической нестабильности Конституции и законов?

Надо всем нам понять раз и навсегда: стабильность Конституции и всей основанной на ней правовой системы – залог социальной, политической, экономической, в конечном итоге – государственной устойчивости и процветания страны. Не может быть эффективного индивидуального, корпоративного, государственного планирования и прогнозирования, если неизвестно, как планы и прогнозы соотносятся с завтрашними законами. Даже чисто психологически не может человек, бизнес-сообщество, общество в целом нормально действовать, если неизвестны завтрашние «условия игры».
Поэтому Кыргызстан должен иметь глубоко продуманную долгосрочную стратегию развития, а также детальную «дорожную карту» на ближайшие пять лет, в которой будут четко обозначены конкретные меры и целевые ориентиры в экономической, идеологической, социальной сферах, вопросах государственного строительства, безопасности и внешней политики.

Речь идет об определении места и роли Кыргызстана в современном мире, достижении нашей страной реальной независимости, укреплении национальной безопасности во всех ее аспектах. Соответствующий проект разрабатывается нами в настоящее время с участием экспертного сообщества и в течение двух месяцев будет внесен на рассмотрение Совета обороны. Важно указать народу реальную созидательную цель и задать направление усилиям всех ветвей власти и институтов гражданского общества.
Уважаемые сограждане!

Демократия -это диктатура законов!

Подчинение закону должно быть обязательным для всех граждан страны. Никто – ни начальник, ни безработный, ни молодой, ни старый не может быть выше закона, не имеет права безнаказанно нарушать его нормы. Только при этом условии будет порядок, только при этом возможен приток инвестиций и подьем экономики страны.
Давайте не будем путать демократию с охлократией! Давайте все будем уважать законы, а не требовать этого только от власти, только от министров и депутатов! Давайте задумаемся, а что каждый из нас сделал для своей страны в это трудное время?

Урматтуу мекендештер!

Конституцияны, мыйзамдарды аткарууга ар бир жаран милдеттүү!
Аткаминер же жумушсуз болобу, жашпы,  кары болобу – ар бир жаран мыйзамды бузса жоопко тартылыш керек! Болбосо өлкөбүздө эч качан тартип орнобойт, инвесторлор келбейт, экономика бутуна турбайт.
Азыркы күндө криминал менен ууруларга караганда өлкөнүн экономикасына тартипсиздик менен башаламандык көбүрөөк зыян келтирүүдө.
Иш кылам дегенди коркуткандар, көчөлөрдү бууп, чатак чыгаргандар сөзсүз жоопко тартылыш керек.

Тез арада өлкөдө тартипти орнотпосок, Кыргызстан жарга такалганы турат. Ооруну жашырса – өлүм ашкере келет!

Урматтуу мекендештерим!

Эл азыр баш-аламандыктан тажап, ынтымакты, тартипти, эмгекти самап турат. Элдин бийликтен күткөнү – тартип жана ынтымак. Эгерде эми ынтымакка келип иштебесек, анда эртеңки күнүбүз - бүдөмүк.
Бүгүн биргелешип жаңы тарыхты баштап отурабыз. Бул – жаңы өкмөттүн тарыхы эмес, бул – жаңы Кыргызстандын тарыхы. Ар бир жараныбыз кайда болбосун, ким болбосун “Мен – кыргыз жаранымын” деп сыймыктанган өлкөнү курушубуз керек. Кудай ушул жолубузду ачып берсин! Бул жолду бирдикте гана басып өтө алабыз! “Ырыс алды – ынтымак” деп элибиз бекер айтпайт!
Ылайым өлкөбүздө ынтымак орносун! “Ынтымак бар жерде – ырыс бар”. Алдыда – Кыргызстандын келечеги. Кудай элибизди, жерибизди колдосун! Жашасын Кыргызстан!”