Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев: “Парламент должен в первую очередь помнить о своей ответственности за судьбу страны”

6 декабря 2013

Сегодня, 6 декабря 2013 года, Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев в Кыргызской национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова принимает участие в торжественном мероприятии, посвященном 75-летию Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.

Текст выступления:

“Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана экс-депутаттары!

Урматтуу мекендештер!

Биз бүгүн албетте биринчи кезекте Кыргыз ССРинин Жогорку Советин эстешибиз керек. Совет Өкмөтү урап калбаганда биз бүгүн Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин маарекесин өткөрмөкпүз. 1993-жылдан баштап Жогорку Советти биз Жогорку Кеңеш деп атап калдык.

Албетте, ал советтик Жогорку Кеңешти азыр кыйла сындасак болот. Депутаттардын укуктарын, милдетин, добуш берүүсүн, шайлоонун өткөрүлүшүн сындасак болот. Бирок, ошол Жогорку Кеңеш азыркы өз алдынча, эгемендүү мамлекеттин саясий пайдубалын курууга, саясий маданиятын түзүүгө зор салымын кошкон. Ошондогу Жогорку Кеңештин депутаттарынан азыр деле көп нерсе үйрөнсө болот. Жоопкерчиликти, адамгерчиликти, тазалыкты.

Шайлоо формалдуу болгону менен депутаттыкка талапкерлерди тандоо өзгөчө кылдат жана таза болчу. Парламентке элибиздин эң көрүнүктүү өкүлдөрү шайланчу. Суктансак болот!

Бекеринен эмес, элибизде Совет доорунун акыркы жылдары шайланган Жогорку Кеңештин акыркы курамы “легендарлуу парламент” деп аталган.

Урматтуу мекендештер!

Азыркы Жогорку Кеңешке Баш мыйзам боюнча өзгөчө көп укуктар ыйгарылып, биз парламенттик системаны курууга багыт алдык.

Жогорку Кеңеш иштеп жаткан үч жылдын аралыгында бир топ маанилүү мыйзамдарды кабыл алды. Депутаттар зор тажрыйба топтоп жатканын көрүп жатабыз. Парламент үч жылдын ичинде үч башкаруучу коалиция жана үч Өкмөт түздү. Бардык актуалдуу маселелер боюнча курч талкуулар өтүп жатат.

Бирок, ошол эле учурда, парламентте талкууланган маселелер ашкере саясатташып кетиши элибиздин нааразычылыгын жаратып жатат.

Чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш өз укугун жана өз жоопкерчилигин таразалабаганы байкалууда. Айрыкча Өкмөт менен иш алып барууда ушундай көрүнүш байкалат.

Парламент өз укуктарынын чегинен чыгууга, Өкмөттүн, тергөө жана сот органдарынын милдеттерин тартып алууга багытталган аракеттерге жол бербеш керек.

Адамзат топтогон тажрыйба көрсөткөндөй, бийлик канчалык көп болсо, жоопкерчилик ошончолук зор болууга тийиш. Башка жол жок. Бийлик талашуу, популизм, куру кыйкырык акыры жакшылыкка алып келбейт. 

Уважаемые депутаты ЖогоркуКенеша!

Сегодня я хочу еще раз отметить особую роль  нынешнего созыва Жогорку Кенеша. Избирая вас, народ Кыргызстана возлагал огромные надежды на развитие парламентской демократии. Однако, сегодня все больше людей сомневаются, а то и вовсе откровенно  разочарованы в парламентском пути развития.

Хочу сказать, что я сам поддерживаю парламентский путь развития.

Надо помнить, что главная ответственность за судьбу парламентской демократии лежит теперь на самом Жогорку Кенеше. Чтобы идти и дальше по пути парламентаризма, парламент должен заслужить доверие общества. 

Раскол внутри некоторых фракций, уголовные дела на депутатов доказывают, что не все партии подошли ответственно к отбору кандидатов в депутаты. Отдельные депутаты, забыв об ответственности за страну, пошли по пути популизма, самопиара.

Накопленный человечеством опыт показывает, что чем больше власти у кого-то, тем больше у него должно быть ответственности. Страна уже пережила двух президентов, которые стремились к абсолютной власти и при этом не хотели ни за что отвечать. Кончилось это плохо. Поэтому сегодняшний парламент должен в первую очередь помнить о своей ответственности за судьбу страны.

Я с глубоким уважением отношусь к Жогорку Кенешу. Вместе мы проходим чрезвычайно важный этап становления и развития Кыргызстана. Я благодарен парламенту за поддержку многих инициатив, целью которых является построение нового и сильного Кыргызстана. Как человек, который сам трижды избирался депутатом, могу сказать, что Жогорку Кенеш всегда был собранием сильных людей. Но эта сила должна быть направлена в созидательное русло. 

Необходимость дальнейшего углубления реформ в сфере государственного строительства, противодействия коррупции и борьбы с преступностью, обеспечения прав человека и законности требует от депутатов кропотливой и профессиональной работы, постоянного поиска и твердой воли, истинно государственного стратегического подхода, отказа от мелких политических амбиций и сиюминутной выгоды.

В этой ситуации для политиков нашей страны особенно актуальны слова великого Джона Кеннеди: «Не спрашивай – что твоя страна сделала для тебя. Спроси – что ты можешь сделать для своей страны».

Народ нашей страны создал все необходимые условия для работы Жогорку Кенеша и имеет полное право требовать от депутатов ответственных и продуманных решений.

Урматтуу депутаттар!

Элибиз Жогорку Кеңештин ийгиликтүү жана натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Эми депутаттардан туура чечимдерди, жоопкерчиликтүү кадамдарды күтүүгө толук укуктуу.

Элдин талабы ушул! Мезгил талабы ушул! Муну эстен чыгарбайлы!

Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдүн соңунда  бардыгыңыздарды парламентибиздин  75 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай каалайм! Кудай элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Рахмат!”